Language switcher

  • 663 просм.

«Байлык Финанс» кардарларды Коргоо принциптери боюнча сертификацияда GOLD деңгээлин алды

Көз карандысыз эл аралык рейтингдик MicroFinanza Raiting компаниясы (Италия) «Байлык Финанстын» ишинин Кардарларды коргоо принциптерине ылайыктуулугуна төрт айлык баа берүүсүн аяктады.Сертификациянын ѳткѳрүлүшү жѳнүндѳгү ѳзүнүн расмий катында Micro Finanza Raiting Сертификациялоо Комитетинин жетекчиси Джорис Криса төмөнкү куттуктоону жазган: “GOLD деңгээли – сертификациялоонун эң жогорку деңгээли болуп саналат жана «Байлык Финанстын» Эл аралык стандарттарда белгиленген кардарларды социалдык таасирлер менен башкаруу аркылуу  коргоонун эң катуу принциптерине ылайык келерин билдирет. Биз бул процесстин жалпы түзүмүндѳ көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз жана «Байлык Финанс» командасын Алтыны менен куттуктайбыз!”

Сертификациянын негизинде камтылган кардарларды коргоо принциптери ѳзүнѳ төмөнкүлөрдү камтыйт: продуктту туура жасалгалоо жана жеткирүү, ашыкча карыз болуунун алдын алуу, ачыктык, бааны жоопкерчиликтүү коюу, кардарларга адилет жана сый мамиле кылуу, кардарлардын маалыматтарынын купуялуулугу жана сакталышы, ошондой эле даттанууларды чечүү үчүн механизмдердин иштеши. Белгилей кетсек, аталган сертификация BlueOrchard  эл аралык инвестору тарабынан колдоого алынган.

«Байлык Финанс» учурда жалпы өлкө боюнча 45 000ден ашык кардарларын 43 кеңседе тейлейт. Иштеген алгачкы күндөн тартып Компания кардарларга багытталган саясатка басым жасайт жана өзүнүн социалдык миссиясын өзгөрүүсүз аткарып келет. Компания калктын камтуусун кеңейтүү менен жетүүгө кыйын аймактарда тейлѳѳ кызматын көрсөтүүнү максат кылат. Компания жыл сайын кардарлардын канааттануу деңгээлине байкоо жүргүзүп турат, 2020-жылдын январына карата бул кѳрсѳткүч 92% түздү.

«Бул сертификацияга биз бир нече жыл бою даярданып келдик –  эксперттерди тарттык, өз алдынча диагностика жүргүздүк, процедураларды жаңырттык, окутууга  карата процесстерди жана мамилени өзгөрттүк. Биздин максат бир гана сертификат алуу эле  эмес, ошону менен бирге көптөгөн талапка жооп берүүчү пункттардын аркасында социалдык таасир этүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу дагы оюбузда болгонун белгилейм. Компаниянын планында дагы көптөгөн кызыктуу социалдык долбоорлор  бар», – деп «Байлык Финанс» МККсынын башкы директору Чынара Молдажанова белгиледи.

Маалымат үчүн:

Кардарларды коргоо принциптери боюнча Сертификация кардарларды коргоо практикасын микрофинансылык уюмдардын негизги маданиятына жана күнүмдүк ишмердүүлүгүнѳ киргизүүнү илгерилеткен Каржылык Жеткиликтүүлүк Борборунун (ACCION) жетекчилиги астындагы глобалдык демилгелүү группасы – СМАРТ Компаниясы  тарабынан иштелип чыккан. 2020-жылы Кардарларды коргоо стандарттары жана аларды ишке ашыруу башкармалыгы SPTF жана CERISE Эл аралык коммерциялык эмес бирикмелерине өткөрүлүп берилген. Ассоциациялар сертификация боюнча менеджер катары иш алып барышат жана керектөөчүлөрдү коргоо миссияларын аткаруу үчүн лицензияланган сертификаттоочу уюмдарга таянышат.

MFR Эл аралык көз карандысыз рейтингдик агенттиги SPTF менен CERISE тарабынан Кардарларды коргоо принциптери боюнча аккредитациядан ѳткѳрүлгѳн дүйнѳдѳгү саналуулардын бири жана Кыргызстандагы  жалгыз агенттик болуп калды.

  • admin      
  • 663 просм.
Бөлүшүү: