Language switcher

  • 193 просм.

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭКОЛОГИЯ КҮНҮ

5-июнь Айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү, бул дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды бириктирип, аларды Жерди коргоо жана калыбына келтирүү кыймылына тартуу.

«МКК Байлык Финанс» ЖАК айлана-чөйрөгө өзгөчө көңүл буруп, жаратылышка аяр мамиле жасап, ошондой эле ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, айлана-чөйрөнү коргоого салымын кошуп келет.

Бүгүнкү күндө бул күн ар бирибизге планетабызга кам көрүү үчүн жоопкерчиликти алууга жана оң өзгөрүүлөргө активдүү салым кошууга мүмкүнчүлүк берет:

☘️Пелим баштыктардан баш тартыңыз↩️
Экологиялык таза кездеме баштыктар менен алмаштырылышы мүмкүн
☘️Достор менен бак отургузуңуз↩️
Өсүмдүктөр сиздин аймакты кооздоп гана койбостон, абаны да тазалайт.
☘️Өзүңүздү тазалаңыз↩️
Табиятка кийинки саякатыңыздан кийин өзүңүздү тазалаганды унутпаңыз, муну балдарыңызга үйрөтүңүз, досторуңузга жана тааныштарыңызга үлгү болуңуз
☘️Таштандыларыңызды иргеңиз↩️
Таштандыларды бөлүү экологиялык зыянды азайтат

Айланага көз чаптырсаңыз, биз кооз пейзаждар, уникалдуу тоо системалары, көптөгөн дарыялар жана көлдөр менен курчалганыбызды көрөсүз.
Биз биргелешип келечек муундарды бул жаратылыш кооздуктарына суктандырып, сыймыктана алабыз.

  • admin      
  • 193 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви