Language switcher

  • 1035 просм.

Аялдардын Бүткүл дүйнөлүк ишкердик күнү

“Байлык Финанс” Бүткүл дүйнөлүк аялдар ишкерлигинин күнү менен куттуктайт! Бул майрам бүт дүйнөдө аял ишкерлеринин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

“Байлык Финанс” компаниясы гендердик- инклюзивдик саясатты жана гендердик тең укуктуулук принцибин ишке ашыруунун даана үлгүсү ошондой эле ал аялдар ишкерлигин колдоо боюнча долбоорлорго активдүү катышат:
– Компания EBRDдан насыялык каражаттардын басымдуу бөлүгүн аялдар ишкерлигин өнүктүрүүгө багыттоо шарты менен 1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо тарткан;
– Компания IFCден насыялык каражаттардын басымдуу бөлүгүн аялдар ишкерлигин жана жашыл технологияларды колдоого багыттоо шарты менен 2,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо тарткан;
– Компания USAID менен бирге ишкер аялдарды инсандык жана кесиптик өнүктүрүү программасын өткөргөн;
– USAID’s Future Growth İnitiative долбоору менен бирге Компания “Мен Кыргызстанды сүйөм” аталышындагы Жаштар кыймылынын жана аялдарды ишкердиктин негиздерине окутуу жолу менен аймактардагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн Кыргызстандын микрофинансылык уюмдар ассоциацияларынын конкурстарын өткөрүүгө колдоо көрсөткөн. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Компания жеңилдетилген насыяларды болуп берген.
– Компания аял ишкерлерди окутуу боюнча өнөктөштүк долбоорлорду колдоп келет, анын ичинде “Курак” Аялдар форуму КУ, ACTED.
– Компания “Азия Банкы” ЖАКы тарабынан чыгарылган атайын гендердик облигацияларды сатып алды.
Компания ошондой эле аялдарга жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча атайын акцияларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

  • admin      
  • 1035 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви