Language switcher

  • 215 просм.

АКТИВДҮҮ КАТЫШУУ ЖАНА ӨНӨКТӨШТҮК — БИРГЕЛЕШКЕН ИЙГИЛИККЕ АЧКЫЧ!

МКК «Байлык Финанс» ЖАК 27-чи жылдык Микрофинансылык борборунун (MFC) конференциясына катышты, ал 2025-жылдын 27-29 мая күндөрү Тбилиси, Грузия шаарында өттү.

Иш-чарага 30дан ашык өлкөдөн 420ден ашык адис катышып, ал микрофинансылык сектордун актуалдуу маселелерин талкуулоочу маанилүү платформа болуп калды. Анын ичинде геосаясий факторлордун таасири, МФОлордун жаңы шарттарга адаптациясы, эл аралык өнөктөштүктөрдү өнүктүрүү жана заманбап практикаларды киргизүү маселелери каралды.

Биздин негизги кызматкерлерден турган команда уникалдуу тажрыйба алды, финансылык жана социалдык интеграция маселелери боюнча сессияларга катышып, инвесторлор жана өнөктөштөр менен бир катар натыйжалуу жолугушуулар өткөрдү, бул биздин эл аралык аренадагы ордуубузду бекемдейт. 2023-жылдан бери «Байлык Финанс» MFC мүчөсү болуп саналат жана региондо жоопкерчиликтүү жана туруктуу каржылоонун принциптерин активдүү илгери жылдырууда.

Мындан сырткары, биздин Компанияга 2024-жылдагы MFC инициативаларынын алкагында активдүү катышуу, демилгелүүлүк жана бекем өнөктөштүк үчүн «MEMBER ENGAGEMENT AWARD» сыйлыгы берилди.

Бул жетишкендик биздин микрофинансылык секторду өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана алдыңкы практикаларды киргизүүгө болгон милдеттенмебизди тастыктайт.

Биз кардарларыбыз жана өнөктөштөрүбүз үчүн туруктуу, жеткиликтүү жана жоопкерчиликтүү каржылык чечимдерди иштеп чыгууга улантабыз.

Кызматкерлерибизге, өнөктөштөрүбүзгө жана кардарларыбызга колдоосу жана ишенимдери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!
  • admin      
  • 215 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви