Language switcher

  • 923 просм.

ЖАҢЫ БИЙИКТЕР – ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

«Байлык Финанс» МКК ЖАК өнүктүрүүдө дагы бир этаптан өттү.

Кредиттик портфел 5 МИЛЛИАРД СОМго жетти!

Компаниянын кредиттик портфелинин өсүү тарыхы:

2019-жылдын август айы Кредиттик портфел 1 млрд сом. Октябрское кеңсеси
2021-жылдын апрель айы Кредиттик портфел 2 млрд сом. Кант кеңсеси
2022-жылдын октябрь айы Кредиттик портфел 3 млрд. Октябрское кеңсеси
2023-жылдын сентябрь айы Кредиттик портфел 4 млрд. Масанын кеңсеси
2024-жылдын июль айы Кредиттик портфел 5 млрд. Нарын кеңсеси

Биздин кардар Нарын офисине Клара Абдурашитовна Бакировага ыраазычылык билдиребиз, анткени Агромаксаттарга (мал чарбасын өнүктүрүү) берилген кредиттин аркасында кредиттик портфел 5 миллиард сомго жетти!

2024-жылдын 05-июль күнү Нарын шаарындагы мекеменин райондук директору Төлөгөнова Анарбуба баш болгон кызматкерлер куттуктап, ал кыялданган эсте каларлык белегин тапшырышты! Samsung TV (жаңы муун). Клара Абдурашитовнаны чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ага жана анын үй-бүлөсүнө ийгилик жана бакубатчылык каалайбыз!

Компаниянын кредиттик портфелинин тез өсүшү биздин карыз алуучулардын кызыкчылыктарына жооп берген продукциянын кеңири линиясынын, филиалдар тармагынын болушунун, ошондой эле карыз алуучулар үчүн жагымдуу шарттардын аркасында жетишилди.

  • admin      
  • 923 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви