- 100 просм.
ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ
Команда «Байлык Финанс» ESG принциптерине ылайык билим алды.
2025-жылдын 7-14-апрелинен жана 12-майдан 5-июнга чейин «Байлык Финанс» командасы туруктуу өнүгүү жана жоопкерчиликтүү бизнес принциптерине берилгендигин тастыктап, кесиптик деңгээлдеги ESG сертификациясынын онлайн-программасын ийгиликтүү аяктады.
🌱 Команда «Байлык Финанс» эки деңгээл боюнча окуудан өттү:
▫️ ESG Foundation — ESG жана туруктуу өнүгүү жаатындагы негизги билимдер
▫️ ESG Expert — практикалык ESG инструменттери
📜 Окуу жыйынтыгында кызматкерлер “ESG Management School” (Астана ш.) жана “National Academy of Corporate Governance” тарабынан берилген “Базовый ESG” жана “ESG Эксперт” эл аралык сертификаттарына ээ болушту.
Биз туруктуу өнүгүү үчүн дүйнөлүк кыймылдын бөлүгү болгонубызга сыймыктанабыз жана мыкты практикаларды ишибизге колдонууга даярбыз. 🌍
Маалымат үчүн: “Туруктуу өнүгүү” түшүнүгү Бириккен Улуттар Уюмунун 17 Туруктуу Өнүгүү Максаттары (SDG) менен аныкталат. Компаниялардын бул максаттарга болгон берилгендигин ESG принциптерин (Environmental — экологиялык жоопкерчилик, Social — социалдык саясат, Governance — корпоративдик башкаруу) карманып, натыйжалуу аткаруусу көрсөтөт.
Кыргызстанда ESG-повестка акыркы учурда өзгөчө актуалдуу болуп, жеке сектор, жарандык коом, каржы жана өнөр жай, ошондой эле энергетика тармагында бир катар демилгелер ишке ашырылды.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын каржы секторунун алдында турган башкы максат — туруктуу өнүгүүгө жасаган салымын так аныктап, ошондой эле каржы секторунун ролун өлкө өнүгүүсүндө бирдиктүү түшүнүктө көргөзүү болуп саналат. Бул максат үчүн жашыл, социалдык жана туруктуу каржылоонун принциптерин иштеп чыгып, расмий жактан бекитүү зарыл.

- 100 просм.