- 37 просм.
СҮЙҮҮ МЕНЕН БЫШЫРЫЛГАН НАН АЗЫКТАР!
Жаккан иш менен алектенүү – ийгиликке карай жол!
Бүгүн биз Кант шаарынын жүрөгүндө өзүнүн нан бышыруучу жайын ачуу кыялы орундалган кардарыбыз – Светлана Владимировна Боярскаянын ийгилик окуясын бөлүшүп жатабыз.
Светлана Владимировна жыпар жыттуу, даамдуу нан өндүрүп, шаар тургундарын жаңы бышкан токочтору менен кубандырып турат. Начар абалда болгонуна карабай, ал “Байлык Финанс” компаниясына кайрылып, өзүнө ылайыктуу кредиттик программаны тандап, керектүү колдоого ээ болду.
Азыр анын «Вкусняшка» наабайкана––бул жөн гана дүкөн эмес, жылуулук менен меймандостук өкүм сүргөн жайлуу мейкиндик. Кардарлар бул жердин сапаттуу жана ар түрдүү продукциясына жогорку баа беришет, ал эми Светлана Владимировна болсо жан дилинен даярдаган наабай азыктарын сүйүү менен бөлүшөт.
“Эң башкысы — мен өзүм сүйгөн ишти жасайм жана даамдуу азыктарым менен сыймыктанам. ‘Байлык Финанс’ компаниясына чоң ыраазылыгымды билдирем! Кредиттин жардамы менен кыялымды ишке ашыра алдым!” — деп билдирди ал.
Эгер сизде да жеке ишкердик баштоо кыялыңыз болсо — аны кийинкиге калтырбаңыз!
Биз сиздин кыялыңызга болгон алгачкы кадамыңызда жардам берүүгө даярбыз!


- 37 просм.