- 56 просм.
KFC NIGHT RUN 2025
Командабыз менен кыймылда – ден соолук жана шыктандыруу!
🌟 2025-жылдын 14-июнунда МКК «Байлык Финанс» ЖАКтын кызматкерлери жай мезгилиндеги эң атмосфералуу жана шыктандыруучу спорттук окуялардын бири — түнкү KFC NIGHT RUN забегине катышышты.
Жылдыздуу асман жана шаар жарыктарынын астында биз жарык жол менен чуркадык, жайкы түндү энергия жана позитивдүү эмоциялар менен толтурдук. Бул забег активдүү жана ден соолукка кам көргөн жашоо образын каалаган адамдарды чогултуп, чыныгы спорт майрамына айланды! 🏃♂️
Биздин команда үчүн өзгөчө сыймык — кызматкерибиз Цвиренко Анатолий Анатольевич, 5 км аралыкта 2-орунду алган! 🏅 Анатолийди бул жетишкендиги менен куттуктайбыз жана жаңы спорттук бийиктиктерди каалайбыз! 🎉
Компаниябыздын жетекчилигине спорттук демилгелерди колдоп келгендиги, wellbeing маданиятын илгерилетүү жана кызматкерлердин жеке жана спорттук чөйрөдөгү өнүгүшү үчүн шарттарды түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз! ❤️
Биз — WELLBEING командасы, чемпиондор командасы!


- 56 просм.