- 107 просм.
Кардарларды коргоонун алтын стандарты: “Байлык Финанс” CERISE+SPTF сертификатын жаңыртты
МКК “Байлык Финанс” ЖАКму CERISE+SPTF уюмунун Кардарларды коргоо принциптери боюнча алтын сертификатын ийгиликтүү жаңыртты. Бул алардын эл аралык коргоо жана жоопкерчилик стандарттарына берилгендигин дагы бир жолу тастыктады.
Кардарларды коргоо биздин ишмердүүлүктүн негизги приоритеттеринин бири жана “Байлык Финанс” менен кардарларыбыздын ортосундагы ишенимдин негизи болуп саналат. Биз каржылык кызматтарды адилеттүү, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү түрдө көрсөтүүгө, тейлөө сапатын тынымсыз жогорулатууга жана кардарлардын тажрыйбасын жакшыртууга умтулабыз.
CERISE+SPTF сертификатынын негизги принциптери төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Продукцияларды иштеп чыгууда жана сунуштодо кардарларга багыт алуу;
• Ашыкча карызга батуунун алдын алуу;
• Шарттардын ачыктыгы;
• Жоопкерчиликтүү баа саясаты;
• Кардарларга адилеттүү жана сый мамиле кылуу;
• Кардарлардын маалыматтарынын купуялуулугу жана корголушу;
• Даттанууларды кароонун жана чечүүнүн натыйжалуу механизмдери;
• Ички көзөмөл, аудит жана кадрдык системалар аркылуу жетекчиликтин кардарларды коргоого берилгендиги.
МКК “Байлык Финанс” ЖАКнун башкы директору Чинара Молдажанова Gold деңгээлин жаңыртуу максаттуу иштин натыйжасы болгонун белгиледи: “Биз тынымсыз жакшыртуунун үстүндө иштедик: ички баалоолорду жүргүздүк, бизнес-процесстерди жана окутуу программаларын өркүндөтүп турдук. Сертификатты жаңыртуу социалдык таасир этүү жаатында дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды туруктуу киргизүүгө берилгендигибиздин тастыктоосу болду. Биз бул багытта маанилүү демилгелерди ишке ашырууну улантабыз”.
Маалымат үчүн:
Кардарларды Коргоо Принциптери боюнча сертификация SMART Кампаниясы тарабынан Финансылык жеткиликтүүлүк борборунун (ACCION) жетекчилиги астында иштелип чыккан жана микрофинансылык уюмдардын ишмердүүлүгүнө кардарларды коргоо практикасын киргизүүгө багытталган. 2020-жылы бул стандарттарды башкаруу эл аралык SPTF жана CERISE ассоциацияларына өткөрүлүп берилген, алар азыр сертификация боюнча менеджерлердин ролун аткарышат. Көз карандысыз эл аралык MFR рейтинг агенттиги Кыргызстанда сертификация жүргүзүү үчүн аккредиттелген агент болуп калды.

- 107 просм.