Language switcher

  • 119 просм.

БИЛИМ — БИЗДИН КҮЧҮБҮЗ!

«МКК «Байлык Финанс» ЖАК өз кызматкерлерине чын дилден кам көрүп, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга дайыма умтулат. ESG принциптерин ишке ашыруунун алкагында компаниябыз жыл сайын командабыздын негизги компетенцияларына багытталган окутуу иш-чараларын өткөрүп келет.

2025-жылдын 2–11-июну аралыгында Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 80 кызматкер үчүн окутуу ийгиликтүү өттү. Программанын алкагында катышуучулар төмөнкү темаларды терең өздөштүрүштү:

📍 Контроллинг жана верификация. Алдамчылыктын белгилери
📍 Лидерлик жана эффективдүү командалык ишти түзүү

Окутууларды өз тармагында тажрыйбалуу адистер — Владимир Ширяев жана Шафкат Абдураимжанов өткөрүштү.

Алынган билимдер кызматкерлерге алдамчылык схемаларды өз убагында аныктап, аларды алдын алууга, ошондой эле лидерлик сапаттарын жана командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Биз ишенебиз: кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана жагымдуу окутуу чөйрөсүн түзүү — бул ар бир кызматкердин жеке өсүшүнө гана эмес, жалпы «Байлык Финанс» командасынын бекемдигине жана ийгиликтүү келечегине өбөлгө болот.

  • admin      
  • 119 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви