Language switcher

  • 337 просм.

“Байлык Финанс” МККсынын Башкы Директору ЕӨРБнын жаштар арасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча форумунда сөз сүйлөдү.

Чинара Молдажанова 2023-жылдын 12-декабрында Ташкент шаарында өткөн ЕРӨБнын “Бизнесте жаштар” форумуна катышты. Форум бизнестеги жаштар темасына арналган, тактап айтканда, ЕРӨБ Борбордук Азиядагы 18 жаштан 34 жашка чейинки жаш категориясындагы чакан жана орто бизнести колдоого 200 миллион евро бөлүп жатат. ЕРӨБ программаны ишке ашыруу үчүн Орто Азиядагы 20 банк менен кызматташууда.

Башкы Директор панелдик талдоодо “Байлык Финанстын” жаштарды колдоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү жана жаштар ишкердигин колдоо Борбордук Азия аймагын өнүктүрүү үчүн олуттуу мааниге ээ экендигин белгиледи. “ЕРӨБнын өзүнүн 7 жылдык программасында жаштарды гана каржылоону карабай, аларды ишкердиктин негиздерине окутуу куралдарын иштеп чыгууну да карап жаткандыгы жакшы.
Бул маанилүү, анткени жаш зайымчылар арасында насыяны кайтаруу өтө начар, ошондуктан дал ошол тобокелдиктер менен иштөө жана аларды окутуу, бизнес процесстерин санариптештирүү аркылуу азайтуу зарыл, анткени жаштар көбүнчө мобилдик тиркемелерди жана он-лайн операцияларды тандашат, албетте каржылык сабаттуулукту андан ары өнүктүрүү керек” деп белгиледи “Байлык Финанс ” МККсынын Башкы Директору.
  • admin      
  • 337 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви