- 283 просм.
Байлык Финанс «Глобалдык акча жумалыгы – 2025» жарманкесинде
8-апрель 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде “Акыл-эстин башында, эртеңки акча капчыкта” аталышындагы Глобалдык акча жумалыгынын алкагында Финансылык Ярмарка – 2025 өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулду. #GMWKG2025 🌍💰
Ярмаркада финансылык адистердин интерактивдүү лекциялары өттү. МКК “Байлык Финанс” ЖАК бул иш-чарага активдүү катышып, финансылык билимге кызыккан жүздөгөн жаштарды чогултту. Биз өз продукцияларыбызды жана кызматтарыбызды сунуштап, жаштар үчүн интерактивдүү оюндар өткөрдүк.
Бул иш-чара билим алмашуу жана жаш муунду финансыларын туура башкарууга шыктандыруу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болду. Биз мындай инициативалар жоопкерчиликтүү жана финансылык жактан билимдүү коомду түзүүгө жардам берет деп ишенебиз.




- 283 просм.