- 4102 просм.
АРАКЕТТЕ СТРАТЕГИЯСЫ — ЖАНЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРГЕ КАРАЙ БИРГЕЛИКТЕ
2024-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарында “Байлык Финанс” МКК ЖАКтын директорлор кеңешинин отуруму болуп өттү, анын алкагында компаниянын негизги ишмердүүлүгү жана тобокелдиктер боюнча кварталдык отчеттору каралды.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 15-16-ноябрында компаниянын директорлор кеңешинин жана менеджментинин мүчөлөрүнүн катышуусу менен компаниянын жакынкы үч жылга стратегиялык максаттарын иштеп чыгууга жана түзүүгө багытталган стратегиялык сессиялар өткөрүлдү.
Сессиянын катышуучулары узак мөөнөттүү стратегиялык натыйжаларга жетишүүгө багытталган конкреттүү максаттарды жана милдеттерди аныкташты. Ошондой эле компаниянын ишин, анын ичинде ESG алкагында тобокелдиктерди башкаруу боюнча бир катар сунуштарды түзүштү.💫
Компаниянын Директорлор кеңеши жана менеджменти өзгөрүп жаткан шарттарга адаптациялануу жана тышкы чөйрөнүн чакырыктарына активдүү жооп берүүгө даярдыгын көрсөттү. Алар компаниянын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган заманбап бизнестин маанилүү аспектиси катары тобокелдиктерди башкаруунун комплекстүү ыкмасын карашты.
🎯 “Байлык Финанс ” командасы айылдардын жана чакан шаарлардын жашоочулары үчүн жеткиликтүү финансылык чечимдерди түзүү боюнча өз миссиясына ишенимдүү болуу менен сунушталган демилгелерди активдүү ишке ашырууга багыт алган, бул алардын жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактарда экономикалык туруктуулукту жогорулатууга өбөлгө түзөт.
- 4102 просм.