Language switcher

  • 122 просм.

Микрокаржылоо секторун өнүктүрүү – келечекке салым

МКК «Байлык Финанс» ЖАКму «Микрокаржылоону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» сыйлыгына татыды.✨️

2024-жылдын 20-сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында, Борбордук Азия Микрофинансылык альянсы микрокаржылоо секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы, социалдык жоопкерчилиги жана чакан бизнес жана бүтүндөй коом үчүн финансылык жеткиликтүүлүктү жакшыртууга көрүнүктүү таасири үчүн Борбордук Азиянын мыкты микрофинансылык уюмдарын сыйлады.
Бул иш-чара калкты колдоого жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган уюмдардын ишинин маанилүүлүгүн баса белгилөө менен микрокаржылоо секторун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынан бул сыйлыкка үч эле компания татыктуу болгон, алар — КР Микрофинансылык уюмдарынын асоциациясына өкүлдөрү. Алардын бири микрокаржылоону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыгы менен ыйгарылган МКК «Байлык Финанс» ЖАК болуп саналат.👏

Бул жетишкендик биздин чакан бизнести жана өлкөнүн бардык калкынын негизги финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн толук пайдалануусун колдоодо биздин берилгендигибизди, инновациялык демилгелерибизди жана активдүү ролубузду айгинелейт. 💫Биздин ишибиз калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана региондогу туруктуу экономикалык өнүгүүгө шарт түзүп жатканына сыймыктанабыз.

Бул сыйлык бизди күч-аракетибизди улантууга жана жаңы бийиктиктерге умтулууга шыктандырат.
Биздин кызматкерлерге, өнөктөштөргө жана кардарларга колдоо жана ишеним үчүн ыраазычылык билдиребиз!🫶
Биргелешкен аракет менен биз дагы чоң ийгиликтерге жетишип, коомго оң таасирин тийгизе алабыз деп ишенебиз!

  • admin      
  • 122 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви