Language switcher

  • 507 просм.

Борбордук Азиялык Микрофинансылык Саммит-2024″

Борбордук Азиялык Микрофинансылык Саммит-2024″

2024-жылдын 19-сентябрынан 20-сентябрына чейин “Байлык Финанс” МКК ЖАК Өзбекстандын тарыхый шаары — Самарканд шаарынын өткөн Борбордук Азиялык Микрофинансылык саммитке катышты. Саммит микрокаржылоону өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу, ошондой эле рынокко жаңы продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү боюнча демилгелерди координациялоо максатында Борбордук Азиялык Микрокаржылоо альянсы тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын негизги темасы “Чакан бизнести колдоо” болду. Иш-чаранын катышуучулары экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу стандарттарын (ESG) киргизүүнүн маанилүү аспекттерин, ошондой эле ислам негиздери менен каржылоону өнүктүрүү, санариптештирүү жана FinTech технологияларынын перспективаларын талкуулашты. Мындай талкуулар региондун экономикасын туруктуу жана инклюзивдүү өнүктүрүүгө багытталган стратегиялардын актуалдуулугун, ошондой эле заманбап чакырыктар шартында чакан бизнести колдоонун зарылдыгын баса белгилейт.

Саммиттин биринчи күнүндө “Байлык Финанс” МКК ЖАКтын башкы директору Молдажанова Чынара Даркенбаевна “Ишканаларды өнүктүрүүдө микрокаржылоонун ролу” пленардык отурумунда панелдик дискуссияга катышты. Талкуунун жүрүшүндө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө микрофинансылык уюмдардын маанилүү ролу баса белгиленди. Чынара Даркенбаевна белгилегендей, микрофинансылык мекемелер менен чакан бизнестин ортосундагы натыйжалуу кызматташтык туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн негиз болуп, таланттуу ишкерлерге өз идеяларын ишке ашырууга жана жаңы рынокторго чыгууга мүмкүндүк берет.

Саммиттин кийинки күнү, негизги спикерлердин бири катары, Чынара Даркенбаевна МКК “Байлык Финанс” ЖАКтын мисалында “Микрокаржылоо секторунда ESG күн тартибин ишке ашыруу” темасында презентация менен чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал компаниядагы социалдык таасир көрсөтүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, ESG-стратегиясынын алкагында ишке ашырылган иш-чаралар жөнүндө айтып, региондогу чакан бизнести колдоо үчүн жоопкерчиликтүү каржылоонун жана туруктуу өнүгүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“ESG-ыкмаларын киргизүү ишкерлердин өсүп-өнүгүүсүнө, ошондой эле микрокаржылоо жаатындагы социалдык жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзүү менен аларга жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет”, – деп белгиледи Чинара Даркенбаевна.

 

Маалымат үчүн: Борбордук Азиялык Микрофинансылык альянс 2022-жылы Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын төрт борбордук азиялык микрофинансылык ассоциациялары тарабынан негизделген. Альянс микрокаржылоо чөйрөсүндө аймактык билим борбору катары түзүлгөн. Ал 2022-жылдан баштап жыл сайын Борбордук Азиялык Микрофинансылык саммитти уюштурат.

  • admin      
  • 507 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви