Language switcher

  • 46 просм.

ЖАҢЫ ГОРИЗОНТТОР АЯЛДАР ҮЧҮН

2025-жылдын 4-июлунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын аялдар-ишкерлерин каржылоо программасы (Кодексинин) кол коюу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Бул иш-чара өлкөнүн инклюзивдүү жана туруктуу бизнесин өнүктүрүүгө, ошондой эле аялдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган маанилүү окуя болуп саналат.

Кыргызстанда бул демилгени Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) ишке ашырып жатат. Бул программа эл аралык уюмдардын колдоосу менен дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык өлкөдө ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда.

Иш-чаранын алкагында «Аялдар-ишкерлер үчүн каржылууга жетүүнү тездетүү: Кодекс иш жүзүндө» аттуу панелдик талкуу өткөрүлүп, анда ЗАО «Байлык Финанс» ЖАКтын Башкы Директору Чинара Даркенбаевна Молдажанова сөз сүйлөдү.

Ал мындай деп билдирди: «Аялдар бизнесин колдоо — бул социалдык жоопкерчилик гана эмес, экономикабыздын стратегиялык приоритети. Биз аялдар-ишкерлердин күчүнө ишенебиз жана алардын жаңы мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн камсыз кылган атайын программалар жана демилгелерди иштеп чыгуу аркылуу алдыга жылууну улантабыз.»

«Байлык Финанс» ЖАК туруктуу өнүгүү, гендердик теңдик жана социалдык жоопкерчилик багытында өзүнүн ESG стратегиясынын алкагында мындай демилгелерди активдүү колдойт.

  • admin      
  • 46 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви